17:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады

Вирусологдор менен санитардык дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады. Бул туралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, биздин өлкөдө эпидемиялык фонд бар. Биринчи күндөн тартып медиктер айлык маянасынан тышкары жөлөк пул алып турушат.

«Биз бул кырдаал башталгандан тартып дарыгерлердин маянасына жетишээрлик жөлөк пул менен камсыздап жатабыз. Кечээ инфекция бөлүмүнүндө коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге дем берүү ирээтинде финансы башкармалыгына бул аракетти колго алуусун тапшыргам. Дарыгерлерибизди нааразы кылбайбыз. Бул дарыгерлерди алга жылдыруу жана шыктандыруу үчүн», — дейт маалыматта Космосбек Чолпонбаев.

Эске сала кетсек, кыргызстанда коронавируска чалдыканардын саны жалпы 6га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар