06:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

2020-жылы пенсия жана жөлөк пулга 43,6 миллиард сом жумшалды

2020-жылы пенсия жана жөлөк пулга 43,6 миллиард сом жумшалды. Бул тууралуу Соцфонд билдирди.

Пенсия жана жөлөк пул алгандардын көпчүлүгү Ош облусунда турат. Бул аймактын жашоочуларына 8 миллиард бөлүндү.

Бишкек шаарынын тургундарына пенсия жана пособия түрүндө 7 миллиард 130 миллион сом берилди. Ушундай эле каражат Жалал-Абад облусуна дагы которулуд. Андан бир аз кемирек сумма (6 миллиард 735 миллион сом) Чүй облусуна бөлүндү.

Ал эми Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустары 3 миллиард сомдон ашыгырак, Ош шаары жана Талас облусундагылар жалпысынан 1 миллиарддан ашык суммага пенсия жана пособия алышты.

Маалыматка ылайык, пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2020-жылдын ноябрь айында 4 млрд 172,5 млн сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар