20:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бир адамга 3 гана маска сатылат

«Фармацевттик компаниялар аркылуу бүгүнкүгө 630 миңге жакын медициналык бет кап тараттык», — дейт саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүнкү маалымат жыйынында.

Анын айтымында, сатыкка чыккан маскалардын орточо баасы 10 сомду түзөт.

Аны менен катар, паспорт менен бир адамга болгону 3 маска гана сатылат. Ошондой эле дүйшөмбү күндөн тартып өлкөдөгү айрым компаниялар бет кап тигип башташкан. Алар менен 500 миң маска чыгарууга контракт түзүлгөн.

«Кечээ кечинде буйрутма боюнча бир компания 70 миңге жакын маска алды. Бет кап күн сайын жеткирилип берилип турат. Ошондой эле Ошто дагы жергиликтүү компаниялар маска чыгара башташты», — дейт саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар