22:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Саламаттык сактоо министри КММАнын чет өлкөлүк студенттери менен жолукту

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда окуу, коопсуздук жана ден соолук боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Министр өкмөт бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев студенттерди кырдаал көзөмөлдө экенине, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жок экенине ишендирди. Ал ошондой эле чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуу процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, медициналык билим берүү тармагында жалпы максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор менен студенттердин кызматташуусуна ишеним билдирди.

Өз кезегинде чет элдик студенттер министрге жолугушууну өткөрүп, алардын коопсуздугу жана ден соолугуна кепилдик бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майда кечинде башталган чет элдиктерге каршы нааразылык акциясы 18-майдын таңында гана аяктаган. Милиция акциянын катышуучулары менен макулдашууга жетишип, Чүй проспектиси ачылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, башаламандык учурунда 41 адам жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар