Кыргызстандагы ресторандарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Республикалык штабдын чечимине ылайык, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилет.
«Бүгүн Штаб ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, 50дөн ашуун адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушу керек. Бул чектөөлөргө куран окутуулар дагы кирет», — деди Алтынай Өмүрбекова.
Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жаран жана ресторан ээси Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси, Жазык кодексинин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопко тартылат. Аларга айып салуу жана башка чаралар колдонулат.
Алтынай Өмүрбекова.
Кыргызстанда коронавирус каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.