17:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстандан 95 миң медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракеттенишкен

13-мартта «Чон-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз товар ташып бараткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандык жарандын автоунаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштердин алдына катылган 95 миң 600 медициналык беткап табылды. Кармалган товардын жалпы наркы — 1 миллион 400 миң сом.

Мамлекеттик чек ара кызматы 3-февралда өкмөт алты айга чейин дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргызстандан тышка чыгарууга тыюу салганын белгиледи.

Буга чейин өкмөт өлкөдө медициналык беткап жетишсиз болуп жаткандыктан, жергиликтүү ишканалар аны өндүрүүнү баштаганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө коронавирус 116 өлкөгө жайылып, Кытайдан сырткары 47,3 миң адамга жукту. Жалпы дүйнө боюнча 128 миң 343 адамга коронавирус менен ооруса, 4 миң 720 адам набыт болду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар