13:49
USD 84.73
EUR 100.69
RUB 1.16

Кыргызстанда коронавирус катталса министр катары мен биринчи угат элем

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адам жок. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев пресс-жыйында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт коронавирус тууралуу эч кимден эч нерсе жашырып жаткан жок.

«Кыргызстанда коронавирус каттала элек, биз буга сүйүнүшүбүз керек. Өкмөттөн шекшүүгө негиз жок. Мен Саламаттыкты сактоо министри катары Кыргызстанда коронавирус катталган-катталбаганын биринчи угушум керек эле», — дейт министр Космосбек Чолпонбаев.

Эске сала кетсек, коронавирус учурда 117 өлкөдө катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-август, шейшемби
2-август, дүйшөмбү