14:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Окшош айдоочулар: эмне үчүн өзүмчүлдүк Бишкектеги кыймылды токтотот

Бишкектиктердин барган сайын жолдо жүрүүгө короткон убакыты көбөйүүдө. Ага бир гана шаардын инфраструктурасындагы кемчиликтер гана күнөөлүү эмес. Жеке транспортун натыйжасыз колдонгон айдоочулардын дагы айыбы чоң.

Жолдогу өмүр

Улуттук статистикалык комитетинин анализинин жыйынтыгында, ордо кааланын тургундары жолго башка аймактардын тургундарына караганда көп убакыт коротушат.

Жумушка жетүү үчүн бишкектиктер башкаларга караганда 30 пайызга көп убакыт жол жүрөт.

Жалпысынан өлкө боюнча жумушка, андан кийин кайра үйгө жетүүгө 33,5 мүнөт кетиришет.

Өлкөдөгү башка шаарлардын жашоочуларына караганда бишкектиктер суткасына жолдо 11 мүнөт ашыкча өткөрүшөт. Бул албетте бир күнгө анчейин көп эмес, бирок бир жыл ичинде 11 күнү жолдо өтүп, башка аймак тургундарына караганда үч күнгө көп коротушууда.

Ошол эле учурда иштеген бишкектиктердин жарымынын күнүнө 45-90 мүнөтү жолдо өтөт. Бул убакытты алар жумушка жетип, кайра үйгө келүү үчүн коротушат.

Мындай чыгымдар бишкектиктерге кымбатка турат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, 2019-жылдын башында Бишкекте орточо айлык акы 20 миң 872 сомду түздү. Демек, шаардыктар жолдо жүрүп орточо 22 сомун жоготууда. Бул чыгым жылына 7 миң 848 сомго жетет. Жумушка барып келүүгө кеткен убакытыбыздын бир жылдык наркына 22 килограмм уйдун этин сатып ала алабыз.

Тыгындар узарып гана бара жатат


Жолдордогу кырдаалдын анализи Бишкектин борбордук бөлүгүндө эртеден кечке эле унаалардын жүрүшү кыйындап, тыгындар түзүлүп турарын көрсөттү. Такай тыгын болгон (кызыл түс), же автоунаалардын өтүүсү жай (сары түс) болгон көчөлөр бар. Эртең менен жана кечиндеги час-пик учурунда Бишкек жылбай бир ордунда туруп калат.

Бул шаардын калкы менен бирге транспорттун дагы көбөйүп бара жатканына байланыштуу. Акыркы жети жыл ичинде Бишкектин калкы 17 пайызга өссө, каттоодон өткөн автомобилдердин саны 40 пайызга көбөйдү.

Ар бир атуулга бирден автомобиль

Бишкектеги аягы көрүнбөгөн тыгындарынын себебин билүү үчүн биз ордо кааладагы транспорттук кыймылды анализдеп көрдүк. Ал үчүн киши жана унаа жүрүшү эң көп болгон Киев жана Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишине байкоо жүргүздүк. Унаа менен жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына кечки час-пик — саат 17.45тен 18.45ке чейин саресеп салдык.

Жыйынтыгында кесилиштен өткөн унаалардын 80 пайызы автомобилдер экенин аныкталды.

«Одинокие водители: почему эгоизм приведет к тому, что Бишкек встанет намертво» материалын толугу менен бул жерден окуй аласыздар.

Материал Peshcom демилгеси менен биргеликте даярдалды.

Дата-редакторлор: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева.

Иллюстрация: Надежда Хабическая

Материал «Интерньюс Кыргызстан» уюмунун Дүйнөлүк банктын, DFID жана IDEM менен өнөктөштүктө USAID колдоосу менен ишке ашып жаткан «Медиа-К» долбоорунун алкагында дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Анастасия Валеева.

Материалдагы пикирлер жана бүтүмдөр «Интерньюс» жана анын өнөктөштөрүнүн пикирин билдирбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар