Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутат Эмил Токтошев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди парламентке келип, борбор калаадагы тыгындар менен кантип күрөшүүнү көздөп жатканын түшүндүрүүнү талап кылды.
Депутаттын айтымында, бишкектиктер күн сайын 1-2 сааттан тыгында болушат. Токтошев мэрден парламентке даяр чечимдер менен келүүсүн талап кылды.
Депутат ошондой эле Бишкек шаарындагы түтүнгө каршы күрөш боюнча тиешелүү органдардан отчет берүүнү суранды.