08:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстан 2019-жылы 8 өлкө менен дипломатиялык мамиле курду

2019-жылы Кыргызстан Гренада, Мозамбик, Кирибати, Науру сындуу 8 жаңы өлкө менен дипломатиялык мамиле түздү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын 164 мамлекет менен дипломатиялык байланышыбыз бар.

Отчеттук мезгил аралыгында чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтын географиялык алкагы да кыйла кеңейтилгени белгилүү болду.

«Өткөн жылы 87 миң консулдук кеп-кеңештер берилген, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Ошондой эле, Россиянын Новосибирск шаарында консулдук кызмат ачылды. Азыр ушундай кызматтарды Якутск, Иркутск, Сахалин шаарларында да ачуу пландаштырылууда», — деди тышкы иштер министри.

Андан тышкары, санариптештирүү жылынын алкагында Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип 38 консулдук жай автоматташтырылган маалымат тутуму менен жабдылды.

Эң көп окулган жаңылыктар