Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык Бишкекке келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Ал обсервацияга алынып, андан коронавируска анализ алынды.
Белгилей кетсек, Diamond Princess лайнери Японияда карантинге алынган. Анда иштеген Кыргызстандын бир жараны коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткырылганы маалымдалган. Бирок, экинчи анализи таза чыгып, ал карантинден чыгарылды.