02:19
USD 77.80
EUR 84.56
RUB 1.04

Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды

Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул тууралуу World of Cruising журналы билдирет.

Маалыматка караганда, лайнердеги 67 киши илдетке чалдыккан. Учурда кеме Япониянын Иокогама шаарында карантинде.

Вирусту жуктургандардын катарында Австралия, Канада, Кытай, Германия, Гонконг, Кыргызстан, Индия, Филлиппин жана Тайвань жарандары бар.

Лайнерде 3 миңге жакын киши бар.

Эң көп окулган жаңылыктар