Бишкектин Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 5-март күнү №214 маршрутка менен жолтандабас катышкан кырсык катталды. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Видеодо жолтандабас кичи автобусту капталдан урганы көрүнөт. Маршрутканын жүргүнчүлөрү жолго ыргып кеткен. Төрт адам жапа чеккен.