17:41
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кытай уйгурларды фабрикаларда мажбурлап иштетүүдө

Кытай бийлиги «кесипке үйрөтүү борборлору» деп аталган жайларда күч менен кармалып турган жүздөгөн мусулманды белгилүү бренддердин продукцияларын өндүргөн фабрикаларда иштөөгө мажбурлап келет. Бул тууралуу Австралиядагы стратегиялык саясат институтунун (ASPI) баяндамасында жазылган.

Авторлор кытай өкмөтүнүн документтерине жана басылмалардагы маалыматтарга таянып, Шинжаң-Уйгур автоном районунун бийлиги лагердеги адамдарды ишканаларда иштөөгө мажбурлап жатканын жазышкан. Алардын айтымында, жалпысынан 80 миңден ашык уйгур улутундагы адам кеминде 29 фабрикада иштешет.

Аталган фабрикаларда өндүрүлгөн продукциялар жеткириле турган компаниялардын тизмесинде Apple, BMW, Nike, Samsung, Sony, Volkswagen жана башкалар бар. Reuters агенттиги учурда бир катар компаниялар бул билдирүүлөрдү текшерип жатышканын жазды.

Дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги баяндамадагы маалыматтарды четке кагып, авторлордун максаты — Бээжин тарабынан көрүлүп жаткан «антитеррористтик чараларды» жаманатты кылуу экенин билдирди.

Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы ислам динин туткан аз улут өкүлдөрү кармалып турган жайларды кесип үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп келет

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби