14:34
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кытайдагы кыргыздар. Кыргызстан Кытайдын улутчул саясатын колдобойт

Кыргызстан Кытайдын улуттук азчылыкка карата саясатын колдогон өлкөлөрдүн катарына кошулган жок.

Белгилей кетсек, 37 өлкө Кытайдын Синьцзян автономдук аймагында улуттук азчылыкка карата саясатына колдоо көрсөткөн. Ага кол койгон өлкөлөр Кытайда кайра тарбиялоо лагерлерин жокко чыгарып, аларды кесипке үйрөтүүчү жай катары сыпатташат.

«Терроризм жана экстремизм менен беттешкен Кытай Синьцзян аймагында ага каршы бир катар чараларды көрүп, атайын окуу жайларды ачты», — деп айтылат кайрылууда.

Кытайды Сауд Аравия, Россия, Африка мамлекеттери, Түндүк Корея, Куба, Венесуэл, Беларусь, Мьянми, Сирия, Пакистан, Оман, Кувейт, Катар, Бириккен Араб эмираттары жана Бахрейн колдогон.

Бул тизмеде Кытайда кысымга кабылган улуттардын өкүлдөрү жашаган өлкөлөр (Казакстан, Кыргызстан) жок.

Эскерте кетсек, Кытайдагы этникалык кыргыздар кысымга кабылып, атайын жайларда кармалып жатканы маалымдалган.

Ошол эле учурда дүйнөнүн дагы 22 өлкөсү Кытай кыргыз, уйгур, казак жана татарлар кармалып жаткандыгын белгилешип, улуттук азчылыкка карата куугунтуктоо саясатын токтотуу талабы менен БУУга кайрылышты. Билдирүүгө Австралия, Бельгия, Канада, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Исландия, Япония, Латвия, Литва, Люксембург, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция, Швейцария, Австрия, Ирландия, Испания кол койду.

Кыргызстан мындай сынга алган кайрылууга дагы кошулган эмес. Бийлик Кытайдын улуттук азчылыкка карата кадамдарын ички саясат катары баалап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар