20:29
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

ИИМ: Курсан Асанов жетекчиликке Кой-Таштамын деп ресторанда олтурган

Ички иштер министринин мурдакы орун басары Курсан Асанов Кой-Ташка дароо барса кандуу окуялардын алдын алууга мүмкүн болмок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, Кой-Ташта атышуу башталганы тууралуу маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө 7-августта саат кечки 8де түшкөнү, Асановго кабар дароо берилген. Бирок, министрдин орун басары 8ден 9:30га чейин «Пинара» мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып отуруп, жетекчиликке Кой-Ташта жүрөм деп айткан.

«Арадан 1,5 саат өткөндөн кийин гана Кой-Таштан 5 чакырым аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылына барган. Курсан Асанов өз убагында чара көрбөгөнүнөн Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтары топтолуп, милицияга таш ыргытып, аларга оор жаракат келтирип, «Альфанын» кызматкерлерин барымтага алып, ок атуучу куралдарды тартып алышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ ошондой эле Асанов Кой-Ташка дароо барса Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жана анын жанында жүргөн башка кызматкерлер жабыркабайт болчу деп эсептейт.

«Асанов өз билдирүүсүндө Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткарганын айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча тапшырманы ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетиш керек» деп кошумчалады министрлик.

Эскерте кетсек, Курсан Асановго Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар