14:30
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Москвада алты кыргызстандык экстремизм боюнча шек саналууда

Москвада Мещанский соту алты кыргыз жаранын экстремисттик топ түзгөн деген шек менен 17-мартка чейин камакка алганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Соттун басма сөз кызматы Айбек Мамажунусовго, Мурзы Кушуевге, Айбек Халматовго, Асан уулуна, Калбаев Артыкка, Козонов Алтынбекке 282-берененин 1-бөлүгү («Экстремисттик топ түзүү») менен иш козголгонун билдирди.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова аталган адамдардын жарандыгы жана камакка алуу шарттары тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

19-февралда Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москва шаары менен облусунда Орусияда диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган «Таблиги Жамаат» тобунун мүчөлөрүн камакка алганы кабарланган.

Алар диний идеологияны жайылтып, тарапташтарды издеп жүргөнү айтылган. Алардын жанында Орусиянын Юстиция министрлигинде экстремисттик материал катары атайын тизмеге алынган, тыюу салынган диний адабияттар табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар