06:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде адашып Өзбекстанга кирип кеткен жарандар Кыргызстанга кайтарылды

Баткенде адашып Өзбекстанга кирип кеткен жарандар Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Кадамжай районуну Чекелик айылында Таластан барган даватчылар адашып Өзбекстанга өтүп кетишкен. Аларды коңшу өлкөнүн чек арачылары кармаган.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстанга кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар