02:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Банктардын «кара тизмесине» кирип калгандар 5 жылдан кийин кайра насыя ала алат

Насыялык бюронун маалыматтар базасындагы айрым маалыматтарды сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мыйзам долбоор сунушталууда.

Анда карыз алган жаран боюнча айрым маалыматтарды анын макулдугусуз топтоо каралган.

«Насыялык бюролордо жарандын салык карыздары боюнча, камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык чегеримдери боюнча карыздары тууралуу, ошондой эле кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү жөнүндөгү маалымат жок. Ошондон улам, «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамда насыялык маалыматты насыялык бюрого зайымчынын макулдугусуз өткөрүп берүүнүн милдеттүүлүгүн кароо сунушталып жатат», — дейт Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Андан тышкары, карызын банкка убагында төлөй албай, же башка калпыстыктардан улам, «кара тизмеге» кирген жарандар боюнча маалыматты сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда.

«Банктардын «кара тизмесине» кирип калган жаран бул аралыкта насыя алуу укугунан ажырайт. «Кара тизмеге» кирген жаран менен анын никеге турган жубайы да мындай укукка ээ боло албай калууда. Бул мөөнөттү кыйла азайтуу кажет», — дейт депутат Элвира Сурабалдиева.

Эң көп окулган жаңылыктар