13:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коронавирус. Чек арадагы өткөрүү пунктарында 413 орун даярдалды

Чек арадагы өткөрүү пунктарында жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 413 орун даярдалды. Бул тууралуу өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда — 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда — 183, Ош шаарындагы аэропортто — 30 керебет даярдалды. ӨКМ зарыл болгондо орундарды көбөйтүүгө даяр.

Жыйында өлкө ичинде жана сыртында дагы коронавирусту жуктурган кыргыз жарандары жок экендиги айтылды.

Ал эми Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргыз жаранынын абалы дипломатиялык өкүлчүлүктүн дыкат көзөмөлүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби