15:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ТИМ: Японидагы кыргыз жаранынан азырынча коронавирус аныктала элек

Японияда токтоп турган Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргыз жаранынан коронавирус аныктала элек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Мекеменин билдирүүсүндө, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган.

Министрлик Япониянын тийиштүү мекемелеринин маалыматына таянып, кыргызстандыктын дене табы көтөрүлбөгөнүн, ал өзүн жакшы сезип жатканын жана учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес экенин кабарлады.

Белгилей кетсек, аталган лайнер учурда карантинде токтоп турат. Андагы 3 миң кишинин 67си илдетке чалдыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби