06:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алтынбек Сулаймановду УКМКнын сурагына чакырышты

Депутат Алтынбек Сулаймановду УКМКнын сурагына чакырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди. 

Маалыматка караганда, «Азаттыктын» материалы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, эл өкүлү күбө катары чакырылды. 

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. Жакында эле «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Буга чейин УКМКга «Үмүт-2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкулов сурак берүүгө чакырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума