08:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Активисттер чачылган алтындын кенин иштетүүгө тыюу салууну сунуштайт

Чачылган алтын кендерин иштетүү экологияга чоң зыянын тийгизүүдө. Бул тууралуу «Экологиялык чечимдер институту» коомдук фонддун «Мурас кыймылынын» өкүлү Гамал Соронкулов билдирди.

Анын айтымында, бир эле Чаткал районундагы тоо-кен тармагын 158 лицензия берилсе, анын көпчүлүгү алтын кенин чалгындоого багытталган.

«Чаткал өрөөнү чындыгында алтынга бай аймак. Балуу металл дарыянын түбүндө төгүлүп жатат. Аны таап чыгуу иштери аймактын токойлору, флорасы жана фаунасы бузуууда. Алынган алтын баары бир өлкөдөн чыгарылып кетүүдө», — деп белгиледи Гамал Соронкулов.

Буга чейин дагы активисттер өкмөткө кен иштетүүгө мораторий киргизүүнү сунушташкан. Негизинен алтын кенинен иштетүүдөн жер кыртышы бузулуп, тешиктерге толгон Касанбай капчыгайынын дарыясы тууралуу сөз болгон.

«Бир гана тилкедедеги жер кыртышы калыбына келтирилген. Дарыянын агымы өзгөрүүдө. Бул өтө кооптуу», — дейт ал.

Гамал Соронкуловтун айтымында, ал кендерди казууга каршы эмес. Бирок, компаниялар экологиялык талаптарды так сакташы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар