Бишкекте Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык кечээ саат 19.20да катталган.
«20 жаштагы айдоочу Жибек Жол проспектиси менен бара жатып, 2 жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен. 25 жаштагы Ш.К. жана 85 жаштагы Д.Д. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Улгайган жабырлануучу төш клеткасынан, ал эми экинчиси башынан жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.