Чүй облусунда адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткенге шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Адамды унаа менен койдуруп кетти деген маалымат милицияга 28-январда келип түшкөн. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чарасынын жүрүшүндө Беловодское айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөнү мойнуна алды.