08:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен киши каза болду

Бүгүн Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарында оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык түнкү саат 01:00 чамасында шаардын Орозбеков көчөсүндө болгон.

«Түркиянын Г.М. аттуу жараны оор жүк ташуучу «ДАФ» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган, ал эми жабырлануучу кырсык болгон жерде каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Аталган окуяга шектүү делген жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар