Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Барын айылында үй өрттөнүп, 1 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык айылдын Бабур көчөсүндө болгон.
Маалыматка караганда, үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Кесепетинен 1976-жылы туулган эркек киши каза болду.