Бишкекте эл ташыган маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык бүгүн саат 06:15тер чамасында Жукеев-Пудовкин көчөсүндө катталды.
«Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кесепетинен маршруттук таксидеги эки жүргүнчү жабыркады. Алар ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.