11:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жол кире үчүн 20 сом талап кылган айдоочу жумушунан 5 күнгө четтетилди

Бишкектеги № 117 маршруттук унаанын жүргүнчүдөн жол кире үчүн 20 сом талап кылган айдоочусу жумушунан 5 күнгө четтетилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул окуя боюнча № 117 маршруттун айдоочулар курамына жыйын өткөрүлүп, Б.Т.га «Дордой Транс» ЖЧК тарабынан сөгүш жарыяланды.

Мэриядан билдиришкендей, окуя айдоочунун иши бүтүп, үйүнө кетип бара жатканда болгон.

Эске салсак, окуя өткөн жумада катталган. Айдоочу өзү бекиткен сумманы бир жүргүнчүдөн башкасы төлөшкөн. Ал эми 20 сом бере албаган кишини унаадан түшүрүп койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар