Министрлер Кабинети декреттелген кесиптердин кызматкерлери жана жарандардын айрым категориялары үчүн милдеттүү медициналык кароодон өтүү эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти.
Анда медициналык кароолорду жана медициналык китепчелерди санарип форматка өткөрүү каралган.
Токтомго ылайык, лабораториялык жана функционалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары саламаттыкты сактоонун мамлекеттик санариптик системаларында электрондук түрдө түзүлөт жана сакталат.
Мындан сырткары, милдеттүү медициналык кароолордун жыйынтыктары электрондук медициналык китепчеде жол-жоболоштурулат. Мындай кароолорду уюштуруу жана өткөрүү дагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин санариптик платформаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Бул учурда, 2026-жылдын 1-сентябрына чейин берилген кагаз түрүндөгү медициналык корутундулар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө калат.
Өзгөртүүлөр декреттелген контингент деп аталган кызматкерлерге — коомдук тамактануу, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүү милдеттүү болгон башка тармактардын кызматкерлерине тиешелүү.
Токтом 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

