Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан 2 киши каза болуп, 7 киши жаракат алды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Окуя кечээ Кең-Булуң айылында саат 21:30да болгон.
«Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, Toyota Avensis унаасы менен кагышкан. Кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болду. Дагы 7 киши ооруканага жеткирилди», — деп билдиришти башкармалыктан.