Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 24 пайызга азайып, тилсиз жоодон 12 адамдын өмүрү сакталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр Жалал-Абад облусу боюнча 488 өрт кырсыгы катталган.
Өрттөн болгон материалдык чыгымдардын көлөмү- 218 миллион сомдон ашты. Былтыр тилсиз жоо 7 кишинин өмүрүн алды.
«Тилсиз жоодон 12 адамдын өмүрү жана 450 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. Өрттөрдүн негизги себептери — отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойноосу», — деп айтылат маалыматта.