22:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Айып пулдун өлчөмү төмөндөтүлдү. Жол эрежелеринин тизмеси

Президент Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун наркын төмөндөтүү жөнүндө мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамда Бузуулар жөнүндө кодексинини 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Ага төмөнкү жол эрежелери кирет:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ал эми жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп, айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин көбөйтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар