15:57
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Дача-Судагы учактын кыйрашы. Президент жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан 3 жыл мурун Дача-Су айылында учактын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен салттуу жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Мамлекет башчысы Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

Адамдардын курман болгондоруна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтып, бул алардын жакындары жана туугандары үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн орду толгус оор жоготуу болгонун баса айтты. 

Ал тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды. Мамлекет башчы менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Эске салсак, кырсык 2017-жылдын 16-январында катталган. Дача-СУ айылына жүк ташуучу учак кулап түшүп, кесепетинен 39 киши каза болгон.

 
Эң көп окулган жаңылыктар