17:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Дача-СУдагы «Боинг-747» учагынын кыйрашы. Учак экипажы ката кетирген дешүүдө

Дача-СУ айылында «Боинг-747» учагынын кыйрашына учак экипажынын кетирген катасы себеп болгон. Бул тууралуу депутаттарга «Манас» аба майданынын башкы директору Эмир Чукуев билдирди.

Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жабыркаган үй-бүлөлөрдүн баардыгына компенсация толугу менен төлөнүп берилгенин айтты. Бирок, ал жабырлануучулардын суранычы менен канча каражат төлөнгөндүгүн айткан жок.

Эске салсак, кырсык 2017-жылдын 16-январында катталган. Дача-СУ айылына жүк ташуучу учак кулап түшүп, кесепетинен 39 киши каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар