08:35
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Дача-СУ айылындагы кырсыкта ата-энесинен айрылган Жакшылык үйлүү болду

Дача-СУ айылындагы кырсыкта ата-энесинен айрылган Жакшылык үйлүү болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдайт.

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Суу айылында Боинг-747 учагы кыйрап, анда Жакшылык Шералиев ата-энесинен жана эки кичинекей карындашынан айрылган.

Ал учурда Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашайт.

Акыйкатчынынын билдирүүсүндө, Жакшылык Жал кичирайонундагы «Сапат» окуу жайынын 1-классын ийгиликтүү аяктады. Жакшылык медиктер жана психологдор тарабынан тиешелүү жардам алып турарын жана керектүү бардык буюм-тайымдар менен камсыздалган.

«Мамлекет тарабынан берилген акча каражатка анын чоң атасы турак-жай сатып алган жана калган каражат Бишкек шаарындагы банктардын биринде сакталып турат» — дейт Акыйкатчы.

Эң көп окулган жаңылыктар