03:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Учак кулаган Дача-СУ айылынан телефондорду алып кеткендерге иш козголду

ӨКМнын кызматкерлери «Боинг-747» учагы кулаган Дача-СУ айылынан телефондорду алып алышкан. 22 куткаруучуга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Kaktus күч түзүмдөрүнө шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, тергөө органдары ӨКМнын 100гө жакын куткаруучусун суракка алышкан.

«22 куткаруучу сурак маалында кырсыктан бир канча күн өткөндөн кийин урандыларга кайра келгендерин моюндарына алышты. Иш маалында алар Huawei үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду таап алып кетишкен. Аппараттарды аялдарына, ата-энелерине жана башка туугандарына берип коюшкан. Алар табылган телефондор каза болгондордун жанынан алда канча алыс жакта болгондугун айтышкан», -деп билдиришти күч түзүмдөрүнөн.

Билдирүүгө ылайык, баардык шектүү делген куткаруучуларга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Иликтөөгө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында жүк ташуучу учак Дача-СУга кулап түшкөн. Анда 35 кыргызстандык жана Түркиянын 4 жараны набыт болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар