Токтогулда унаа жолдон чыгып оодарылып кетип, 1 адам набыт болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 6 киши ар кандай жаракат алышты.
«13-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө айылында) «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 6 киши ар түрдүү жаракат алды», — деп айтылат маалыматта.