Бишкекте Honda Civic үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык 11-январда болжол менен 13:00дө, Боронбаев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы К.А. ооруканага кайрылган. Тескөөчүлөр унааны таап, 56 жаштагы айдоочуну кармашты. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деп билдиришти башкармалыктан.