09:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болду

Ысык-Көл облусуна караштуу Өрнөк айылында оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Балыкчы—Каракол унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Жолдо «КамАЗ» жана «МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен «КамАЗдын» кабинасы күйүп, 2 эркек киши каза болуп, дагы 2 адам жабыркады. Каза болгондордун сөөгү ИИМ кызматкерлерине тапшырылды. Жаракат алгандарды тез жардам кызматы алып кетти. Учурда алардын аты-жөнү такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар