Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө 3 жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынат (анын ичинен 837 — чоң адамдар жана 141 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ал эми 493 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 128 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.