30-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.