14:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши набыт болду

Орусиянын Ордынск районунда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулдугунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-декабрда кыргызстандык жарандар Новосибирск шаарынан келе жатып кырсыкташкан. Кесепетинен 50 жана 31 жаштагы тургундар каза болуп, 28 жаштагы жигит башынан жаракат алган. Ал учурда жалпы палатага которулду.

Ал эми каза болгон 2 жаран Ош облусунун тургундары болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби