Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (23.12.19-ж.) 329 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 234ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
«Кайрылгандардын 76сы ооруканага жаткырылды, алардын 67си жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 26 адам кайрылса, 12 ооруканага жаткырылып, 14 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 112 адам кайрылып, алардын 34ү ооруканага жаткырылды.