03:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таласта адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды

Талас облусуна караштуу Кызыл-Туу айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзүп алган. Кесепетинен 2 киши каза болуп, дагы бир жабырлануучуну тез жардам унаасы алып кетти.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн унаадан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар