11:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЕАЭБге мүчө үч өлкө Орусиядагы жаңы мыйзамды сындады

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө үч өлкө Орусиянын базарында сатылып жаткан смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго кошумча орусиялык программаларды орнотууга милдеттендирген мыйзамга каршы чыкты. Бул тууралууЕвразия экономикалык комиссиясынын алдындагы ички базарлардын иштеши боюнча департаменттин токтомуна таянып «Ведомости» гезити жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиядагы жаңы мыйзам биримдиктин ички базарынын ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп эсептешет. Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул пикири боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамды Мамлекеттик Дума быйыл ноябрда кабыл алып, президент Владимир Путин декабрда кол койгон. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан тарта смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго милдеттүү турдө кошумча орусиялык программалар орнотулушу керек. Алардын тизмесин өкмөт аныктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума