14:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ИИМ: Саймаитиге жасалма паспорт Сузакта берилген

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, иш сотко өткөрүлүп берилген жана Саймаитинин өзүнө карата да тергөө иштери жүрүп жаткан.

Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

ИИМ билдиргендей, 2017-жылы министрликтин Тергөө бөлүмү Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон. 

Ал ишкер 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Саймаити Кара-Суу базарынан алдоо жолу менен анын акча каражаттарын жана 3 028 168 долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алганын, кийин изин жашырып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар