11:17
USD 87.45
EUR 102.42
RUB 1.19

КР биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун өмүрү жана өлүмүнүн сыры

Насирдин Исановдун ысымы Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Ал көз карандысыз республиканын биринчи Премьер-министри, өз мезгилинин эң принципиалдуу жана саясий конъюнктурага баш ийбеген мамлекеттик ишмерлеринин бири болгон. Насиридин Исанов жаркын, бирок кыска өмүр сүргөн мамлекеттик ишмер катары эсибизде калды.

Айрымдар үчүн Исанов — үлгүлүү мамлекеттик ишмер, жаңы өлкөнүн чынчыл куруучусу. Башкалар үчүн — «жапайы», өткөөл мезгилдин катаал логикасына туура келбеген ыңгайсыз фигура.

Анын 1991-жылдын ноябрындагы өлүмү кыргыз саясатынын эң табышмактуу баракчаларынын бири бойдон калды. Бул убакыт аралыгында саясатчылардын бир нече мууну алмашып, 90-жылдардын башында кабыл алынган чечимдер кайра каралып, Кумтөрдү мамлекет кайрадан көзөмөлгө алды, бирок бир суроонун жообу жок: 1991-жылдын 29-ноябрында Жалал-Абад — Ош жолунда чынында эмне болгон? Ондогон жылдар өткөндөн кийин да анын өлүмү тууралуу ар кандай версиялар, уламыштар жана жоопсуз калган суроолор айтылып келет. Бүгүн Исановдун Премьер-министр болуп дайындалганына 35 жыл болот.

Өзгөрүүлөр доорунун адамы

Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Ал кыргыз атка минерлеринин — катардагы жумушчудан жогорку мамлекеттик кызматтарга чейинки жолду жеке байланыштар аркылуу эмес, кесиптик жолу менен басып өткөн сейрек кездешкен муундун өкүлү.

Н. Исанов Москва инженердик-курулуш институтун аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, адистиги боюнча иштей баштайт. Ал дипломдуу курулушчу гана болгон эмес. Анын мүнөзү дал ушул тармакка ылайыкталып, калыптанган. Өзүнө талап кое билүүсү, токтоолугу, натыйжага багытталган иш-аракети бааланбай койгон эмес.

80-жылдардын башында Н. Исанов Кыргыз ССРинин курулуш министри, андан кийин — Мамлекеттик курулуш комитетинин биринчи орун басары, Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Бул жерде ал экономикалык жетекчи катары гана эмес, татаал социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чече алган башкаруучу катары да кадыр-баркка ээ болгон.

Инсандык бейнеси

Саясатчынын уулу Алмаз Исанов 24.kg агенттиги менен атасы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

" Атам, 1991-жылы Министрлер Советин жетектеп турганда, мен Новосибирск шаарындагы физмат мектебинде окучумун. Ал өзүнүн кызматка дайындалганы тууралуу кабарлап чалып, «сен эгемендүү Кыргызстандын Премьер-министри менен сүйлөшүп жатасың», — деп тамашалады. Бишкекке учуп келгенимде үй-бүлөм менен биринчи жолу шаардагы батирибизге эмес, резиденцияга барганыбыз эсимде. Ал эми атам каза болгондо, мен 17 жашта болчумун, — дейт Алмаз Исанов. — Ошол жылдар аралыгында атамдын жашоосундагы көптөгөн окуялар уламыш болуп калды. Бирок биздин үй-бүлөдө анын элеси — анык атанын образы катары калыптанган".

«Эгерде кесиптештери Насирдин Исановду адептүү жетекчи, принциптерин эч качан бузбаган адам катары эстешсе, үйдө ал — тынч, көңүлдүү, үй-бүлөсүнө эч качан көйгөй алып келбеген камкор ата болгон. Ошол эле учурда комузда ойногонду, көп окуганды, ыр жазганды жакшы көрчү.

Атам кол өнөрчүлүктү жактырчу: эмеректерди, отургучтарды жана үстөлдөрдү өзү жасачу, алардын экөө дагы деле ата-энесинин үйүндө турат. Ал эч качан кызматтык машинасын үй-бүлөлүк иштерге колдонгон эмес. Бул ички тартип ал үчүн табигый эле нерсе болгон.

Алмаз Исанов

 «Ал бизге жумшак мүнөздө болду, — деп эскерет Алмаз. — Ал мага эч качан кыйкырчу эмес. Акырын эле айтып сабак берип койчу. Атам адамдын ички дүйнөсүн көрө алган, ал адам менен бир аз сүйлөшсө эле, ал кайсы жерге пайдалуу болорун түшүнчү».

Чыныгы курулушчу

Эгер Насирдин Исановдун жеке адамдык сапатын түшүнүүгө аракет кылсак, анын өмүр таржымалына сөзсүз көз чаптырышыбыз керек. Ал өлкөнүн түштүгүндө туулуп, айылда өскөнүнө карабай, Москванын жогорку окуу жайына тапшырган, ал кезде бул азыркы Гарвард университетине тапшырууга барабар болгон. Билим алгандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, жогорку окуу жайларда сопроматтан сабак берген, кийинчерээк Ошто курулушта иштеген.

Мамлекеттик объектилердин бирин куруудагы кемчиликтер тууралуу сындаган макала жазышы, анын тагдырынын бурулуш учурларынын бири болуп калды. Ал мындайча болгон эле: Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимов 30 жаштагы Исановду кылымдын курулушу аталган — Токтогул ГЭСинде комсомолдук уюмду жетектөөгө жөнөтөт. Ага татаал чиймелердин жоопкерчилиги, кылдай катачылык кымбатка турушу мүмкүн болгон жооптуу шарттарда иштөө абдан оор болгон.

1980-жылдары, чоң курулуш учурунда, үй-бүлөбүз атамды дээрлик көрбөй калган. Өлкөдө ири объектилер курулуп жаткандыктан, ал күнү-түнү тыным албай иштеген. Ошол эле учурда ал курулуш чөйрөсүндө сейрек кездешүүчү адам болгон — эч качан оройлонуп сөгүнүп, катаал жетекчи болгон эмес, пикир алышууда жогорку маданияты менен айырмаланган.

Кийинчерээк Балыкчыга — инфраструктурасы жок шаарга, бириккен Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аткаруу комитетин башкарууга жиберишкен. Нарын ошол кезде дотациялык аймак болгон. Дотациялык аймакта ийгилик жаратуу оор болгонуна карабастан, жетишкендиктерди көрсөтө алган.

Ошол жерде ал өзүн жетекчи катары мыкты жагынан көрсөткөн. «Офиси» автобаза, ал эми үйү мамлекеттик мейманкана болгон. Караандай шамал анын жүзүн тотуктуруп, өңү кара-кызыл тартып калгандыктан, уулу атасын «туурулган терилердин башчысы» деп тамашалаганын айтат.

Президенттикке бир кадам

Эки жылдын ичинде Балыкчыда 34 миң чарчы метр турак жай курулуп, мамлекеттик кызматкерлерге батир бериле баштады, экология, жолдор, Ысык-Көлдү коргоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Атап айтканда, суудан 500 метр алыстыкта бардык курулуштарга тыюу салынды, экопост киргизилди. Нарын дарыясында ГЭСтин курулушу башталган. Бул иштер анын кадыр-баркын ушунчалык бекемдегендиктен, кийин Нарын жана Ысык-Көл облустарынын өкүлдөрү аны президенттикке талапкер кылып көрсөтүшкөн.

Иллюзиясыз Премьер

90-жылдардын башы — мамлекеттин кайра түзүлгөн мезгили. Экономикалык байланыштар бузулган, бюджеттин тартыштыгы, базар экономикалык тажрыйбасы жок. Дал ушул мезгилде Исанов кийин өлкөнүн экономикалык саясатына негиз боло турган идеяларды: базарга экономикасына өтүү, электрлештирүү аркылуу энергетикалык көз карандысыздык, ГЭСтерди өнүктүрүү, улуттук валютаны киргизүүнү жайылткан.

Ал стратегиялык жактан ката кетирбей, этияттык менен ойлонгон адам болгон. Анын экономикага болгон мамилеси кескин кадамдарды жана тымызын чечимдерди талап кылчу эмес. Жакын адамдарынын пикиринде, бул Кумтөрдүн тегереги — келечектеги жаңжалга себеп болгон.

Кумтөр: өлүмгө дуушар кылган алтын

90-жылдардын башында Кумтөр кени жаш республика үчүн экономикалык мүмкүнчүлүк катары каралган. Бирок Исанов алтынды «тез арада куткаруучу» катары караган эмес. Кенди иштетүү узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды жана экологиялык тобокелдиктерди эске алуу менен мамлекет үчүн пайдалуу шарттарда жүрүшү керек деп эсептеген.

Анын уулу Алмаз Исановдун айтымында, атасы чет элдик компаниялар менен келишимдерге шашылыш кол коюуга каршы болгон. Ал тендер жарыялоону, эксперттерди тартууну, өз күчү менен же инвесторлор үчүн катаал шарттарда иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.

Бүгүнкү күндө Исановдун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана окуянын иликтөөчүлөрү — анын ачкычы Кумтөрдөгү алтын экендигине кошулууда.

Акыркы күн

1991-жылдын ноябрь айында Насирдин Исанов Президент Аскар Акаевдин жеке тапшырмасы менен Кумтөргө швейцариялык «Сиабеко» компаниясынын өкүлдөрү менен бирге объектти изилдөө үчүн жөнөйт. Ал кезде бул компанияны чет элдик жана атайын кызматтын кызматкери Борис Бернштейн жетектеген. Ал Санжар Айтматов аркылуу Аскар Акаевге жакындап, кийинчерээк ага Ак үйдүн 7-кабатынан кабинет берилген.

Интернеттен алынган фото. Борис Бирнштейн жана Санжар Айтматов
Фото Интернеттен алынган фото. Борис Бирнштейн жана Санжар Айтматов

Алмаз Исановдун айтымында, анын атасы ошол учурда сасык тумоо менен катуу ооруп, өзүн начар сезип жаткан. «Бирок Аскар Акаев Премьер-министрди башка бирөө менен алмаштыруунун ордуна, Насирдин Исановдун өзүн делегацияны өлкөнүн түштүгүнө узатышын талап кылып, жеке өзү чалган», — деди ал.

Саясатчынын уулу ошол күндөрдөгү окуяларды талдап, Акаев Кумтөрдүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбей, келишимге Премьер-министр кол коёт деп үмүттөнгөн. Бирок Исанов шашылган жок. Ал келишимди шашылыш түрдө эмес, адилеттүү жана өлкө үчүн пайдалуу болушу керек деп эсептеген.

Алмаз Исанов «Делегация кенден кайтып келгенден кийин Жалал-Абадда түнөп калат. 29-ноябрда эртең менен аба ырайынын начардыгынан улам Таш-Көмүргө жергиликтүү мамлекеттик автоунаалар менен баруу чечими кабыл алынган» деп сөзүн улады.

Анын айтымында, кийинки окуялар дагы деле суроолорду жаратат:

  • Өкмөт башчынын автоунаасы колоннанын акыркысы болуп, бир топ артта калган;
  • айдоочу штаттан тышкаркы эмес, жергиликтүү айдоочу болгон. Ошол эле учурда Исанов чоочун адамдар арасында коргоого алынбай калган;
  • машинеге отуруу коопсуздук протоколун одоно бузган — Исановду айдоочунун артына отургузушкан, бул туура эмес, анткени мындай орун теориялык жактан кооптуу;
  • Өкмөт башчынын жанында Борис Бирштейн болгон, эгерде машинеде Премьер-министрдин жеке күзөтчүлөрү болбосо, ал өзүнчө машинеде жүрүшү керек болчу.

Ошондой эле Алмаз Исановдун айтуусу боюнча, алдыда Бирштейндин күзөтчүсү эмес, сүйлөшүүчүлөрдүн дагы бир катышуучусу Санжар Айтматов отурган.

Расмий версия боюнча, «Волга» автоунаасы ЗИЛдин жүк ташуучу автоунаасы менен кагылышып, Исановдон башка бардык жүргүнчүлөр аман калышкан.

«Бул атайын уюштурулган»: үй-бүлөнүн версиясы

Исановдун жубайы Бузыйнат Исанова кыргыз маалымат каражаттарына берген маегинде күйөөсүнүн «кырсыкка» чейин эле өлтүрүп коюшканын кыйыткан.

«Насирдинди муунтуп өлтүрүп, анан баарын сценарий боюнча жасашты», — деди ал.

Мындай түкшүмөл алгач, анын сөөгүн көргөндө жаралган, ал күйөөсүнүн мойнунан кулагына чейинки күмөндүү белгилерди байкаган. «Алар сени эмне кылышкан?» деп кыйкырдым. Мени ошол замат алып кетишти.

Андан бери кыйла жылдар өтсө да бул сөздөр расмий иликтөөлөр тарабынан тастыктала элек.

Саясатчынын уулу Алмаз Исанов андан ары барып, биринчи жолу 24.kg агенттигине берген интервьюсунда кайсы версияны негизги деп эсептээрин билдирди.

 Анын айтымында, атасы түн ичинде эле Жалал-Абадда өлтүрүлүп, андан кийинки күнү жол кырсыгын уюштурушкан. Анын айтымында, делегациянын курамында кызматтык коопсуздукка тиешеси жок, атайын даярдыктагы үчүнчү адамдар болгон.

Такталбаган маалымат булактары атасынын сөөгүн бөлмөдөн алып чыгып, машинеге салып, анан эртең менен «кырсык» жасалганын айтышкан, бул Премьер-Министрдин машинеси эмне үчүн колоннанын акыркысы болгонунун себебин түшүндүрөт.

Жоголуп кеткен күбөлөр

Дагы бир тынчсыздандырган факты: кырсыктан 40 мүнөт өткөндөн кийин Борис Бирштейн жана Санжар Айтматов Кыргызстандан Андижан аркылуу учуп кетишкен. Экөө тең кийинчерээк Насирдин Исановдун сөөк коюу зыйнатына барган эмес. Үй-бүлөсүнө көңүл да айткан эмес.

Ал турсун, анын үй-бүлөсүнө атасынын Кумтөр боюнча материалдары сакталган сейфтин ачылышына катышууга да уруксат берилген эмес.

«Бизге жол кырсыгынын расмий версиясын айтышты. Андан кийин айдоочуларды гана жазалашты. Негизги фигуранттар суракка алынган жок», — дейт ал.

Айтмакчы, кийинчерээк Исановдун өлүмүнөн бир жыл өткөндөн кийин тартылган документалдык тасмасы, ошондой эле жол кырсыгына байланышкан фотодокументтер жок кылынганы белгилүү болгон.

 «Режиссёр Улан Токомбаевдин «Үзгүлтүккө учураган учуу» деген тасмасын кийин издеп таппай калдык. Ал бардык архивдерден жоголгон. Биз бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылдык, бирок эч кандай натыйжа болгон жок. Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөр да бар болчу, бирок алар да жок болуп кетти», — деп кошумчалады саясатчынын уулу.

Жыйынтыгы жымжырт

Исановдун өлүмүнөн кийин Кумтөр боюнча келишимге кыска мөөнөттө кол коюлган. Окуяга катышкандардын көпчүлүгү бул тууралуу эч кандай комментарий берүүнү каалашкан эмес. Иликтөө айдоочуларды жазалоо менен жабылган.

Исановдордун үй-бүлөсү мурдагы бийликтен тергөө ишин кайра баштоого бир нече жолу аракет кылышкан, бирок аларга өз коопсуздугу үчүн бул маселени көтөрбөө сунушталган.

«Атабыз каза болгондон кийин, биздин үй-бүлөбүз жөн гана аман калууга аргасыз болду, ошондуктан биз расмий версияны кабыл алып, жашообузду уланта берүүгө аргасыз болдук. Бирок биз анын өлүмүнүн шартында көптөгөн бүдөмүк жагдайлар бар экендигин түшүндүк», — деп кошумчалады ал.

Уулунун айтымында, атасынын адамдык касиети «анын өмүрүн кыйган жана аны баатыр кылган».

 Улуттук кызыкчылыктар баарынан жогору тургандыктан, ал башка эч нерсе кыла алган эмес. Исанов Кумтөргө комплекстүү, кластердик мамиле кылууну талап кылып, тендер жарыялоону сунуш кылган, боордош өлкөлөрдүн адистери менен кеңешкен, Кыргызстан өз күчү менен иштеп чыгууга катыша алат, жок дегенде жакшы шарттарга жетет деп үмүттөнгөн. Ал бул татаал технологиялык долбоор экенин түшүнүп, алтынды өлкөнү экономикалык жактан көтөрө турган баштапкы капиталы деп эсептеген.

Тагдыр ташы башка жакка ооду: ал каза болгондон кийин Кумтөр чет элдик компаниянын иштетүүсүнө өтөт. Алмаз Исановдун айтымында, кенден иштеген жылдары 400 тоннага жакын алтын чыгарылган. Салыштыруу үчүн, Испания менен Португалия Америкадан колониялаштыруу мезгилинде ошол эле өлчөмдө алтын алып чыгышкан«, — деп белгиледи Алмаз Исанов.

Мурас

Атасынын көзү өткөндө апасы 45 жашында жесир калган. Акылдуу жана жөнөкөй, ал көп жылдар бою Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кадр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген жана уулунун айтымында «үй-бүлөсүнүн куту». Азыр 81де жана деле үй-бүлөсүнө кам көрүүдө.

Кызы Мария эл аралык уюмдарда иштеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон, бүгүнкү күндө ЖК аппаратында иштейт.

Уулу Алмаз Кыргызстанда, Орусияда, Түркияда жана Японияда билим алган. Жөнөкөй референттен мамлекеттик жана бизнес тармагындагы жетекчи кызматтарга чейинки жолун басып өттү. Азыр «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» ачык акционердик коомун жетектейт.

Түбөлүк эстелик

Ондогон жылдар өткөндөн кийин Насирдин Исанов каза болгондон кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы берилип, Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүн өткөрүү алкагында Садыр Жапаровдун катышуусунда эстелик ачылган.

Ал Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилген. Анын ысымы менен борбор калаадагы көчөлөр, мектептер, университеттер аталган, музейлер ачылган, почта маркасы чыгарылган, эстеликтер орнотулган.

Айтмакчы, Бишкекте эстеликти орнотуу өзүнчө узак жана оор окуя болгон. Алмаз Исановдун айтуусу боюнча, Өкмөттө иш көпкө чечилбей токтоп калган — каржылоо таба алышкан эмес.

«Курулуш компаниялары аркылуу акча чогултуу аракеттери болгон. Алардын көпчүлүгүнүн жетекчилерине атасы мурда жардам берген, бирок ал каза болгондон кийин эч ким жооп берген жок. Ошол кездеги Премьер-министр Николай Танаев жардам берип, Аскар Акаевге кат жазган. Ал өз фондунан акча бөлгөн. Ырас, суммасы кыскарды, бирок көпчүлүк үчүн бул намыс иши болуп калды. Мисалы, эстелик үстүндө иштеген скульптор гонорардан баш тартты. Эстелик үчүн жер табуу да оңой болгон жок, анткени көзү тирүүсүндө эле эстеликке жер издеген атактуу аксакалдар бар болчу. Ошондо атамдын мамлекеттик аппаратта ушундай кесиптештердин арасында иштөөсү кандай оор болгонун түшүнө баштадым. Натыйжада 2003-жылы эстелик Москва жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. Ачылыш күнү, нөшөрлөгөн жамгырга карабастан, Танаевдин талабы боюнча Өкмөттүн бардык мүчөлөрү келишти. Атамдын образы абдан жакшы чыкты, баары ыраазы болушту», — деп кошумчалады Алмаз Исанов.

Бирок, балким, Насирдин Исановдун эң башкы мурасы — кызматтары да, эстелиги да эмес. Бул чынчылдык көп учурда кооптуу болгон системада чынчыл бойдон калган адам жөнүндө эскерүү. Принциптери бийликтен жогору, ал эми өлкөгө кызмат кылуу өз өмүрүнөн да маанилүү болгон адам жөнүндө эскерүү.

Бул бурулуш доордогу принциптердин баасы, алгачкы кадамдарын таштап жаткан мамлекет жана элине кызмат кыларына ишенбей туруп кол коюуну каалабаган адам жөнүндөгү окуя. Балким, ошондуктан анын колу эч качан коюлган эмес. Негизги суроо дагы эле жоопсуз: Кыргызстандын биринчи Премьер-Министри саясий өлтүрүүнүн курмандыгы болгонбу?

«Биз баарын кечирдик. Кудай аларга калыс болсун. Бирок чындык бизге гана эмес, өлкөгө да керек. Күбөлөр дагы деле тирүү. Балким, тарыхый адилеттүүлүк дагы деле орнотулушу мүмкүн», — дейт Алмаз Исанов.

Насирдин Исановдун окуясы бир кишинин кайгылуу өлүмү гана эмес, бул өлкөнүн тагдырын ойлоп өз өмүрүн тобокелге салган — мезгилдин чагылышы. Акыйкаттык айтылмайынча, бул каргашалуу окуя бүдөмүк бойдон кала берет.

Эң көп окулган жаңылыктар