Бүгүн Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда Кайырма айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 2-кабаттуу көп батирлүү үйдүн калган батирлерине өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербей, тилсиз жоодон сактап калышты.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылды.