04:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Азимбек Бекназаров: Мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айып салуу керек

Мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айып салууну мурунку Башкы прокурор Азимбек Бекназаров сунуштады. Тиешелүү кайрылууну ал президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөтко жолдоду.

Өз демилгесин ал мамлекеттик тилдин абалын жакшыртуу керектиги менен түшүндүрдү. Анын пикиринде, кыргыз тилинин абалы 2000-жылы абдан начарлап кеткен. Аталган жылы Баш Мыйзамга орус тилин расмий тил катары киргизишкен.

Азимбек Бекназаров жана башка авторлор мамлекеттик кызматка кабыл алууда милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билүүсүн талап кылуу керек. Ал кыргыз тилин билбеген аткаминерлерге 5,5 миң сом өлчөмүндө айып салууну сунуштады.

Буга чейин ал «Орус тили бизге керек. Бирок ал эл аралык тил макамы менен керек. Сыртка чыкканда колдонуш үчүн керек. Бала бакчадан баштап англис тили менен бир катарда окутулушу керек. Макамы — Бириккен Улуттар Уюмунун тили — англис тили сыяктуу эл аралык болушу керек. Мамлекеттик тил — кыргыз тили эле болушу керек. Иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, иш-чаралар кыргызча өтүп, аткаминерлер кыргыз тилинде иштеши керек. Антпесек кыргыздар жоюлуп кетебиз», -деген.

Кыргызстанда орус тили расмий статуска ээ. Көп иш-кагаздар орусча даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар